Жайкы эс алуу сезонуна байланыштуу “Кыргыз темир жолу” ишканасы Бишкек - Балыкчы каттамын жандантты. 19-июндан тарта жума, ишемби жана жекшемби күндөрү поезд жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Ал эми 17-июлдан тарта күн сайын каттайт.
Аталган мекемеден кабарлашкандай, билеттин баасы чоңдорго 69 сом, балдарга 35 сомдон. (SE)