Чыналиев: Украина менен соода-экономикалык кызматташтык төмөндөдү

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев акыркы жылы Кыргызстан менен Украина ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык төмөндөгөнүн “Азаттыкка” билдирди.

2013-жылдын жыйынтыгында эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 168 млн. долларды түзсө, 2014-жылдын этегинде бул сумма 109 млн. доллар болгон. Чыналиевдин айтымында, ишкердик жаатындагы кызматташтыкта Кыргызстан тараптан солгундоо көбүрөөк байкалат. Бул ишкерлердин Украинадагы окуяларды угуп кооптонуусунан улам болушу мүмкүн.

Улукбек Чыналиев Кыргызстандын ЕАЭБ уюмуна кириши Украина менен экономикалык алакасына терс таасирин тийгизбейт деп эсептейт.

Кыргызстан Украинага негизинен төө буурчак, күрүч, электромашиналарды экспорттойт. Украинадан Кыргызстанга шекер, дары-дармек, тамак-аш майы жана башка азык-түлүк келет.

Элчиликтин маалыматына ылайык, Украинада алты миңге жакын кыргызстандык жашайт. (SA)