14-15-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет.
15-июнда абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 22…27, тоо этектеринде 15…20, бийик тоолуу райондордо 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт.
2015-жылдын 14-16 июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
14-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда 17…22, 21…26;
Талас облусунда 13…18, 20…25;
Баткенде 12…17, 21…26;
Ош, Жалал-Абадда 15…20, 22…27;
Ысык-Көлдө 8…13, 18…23;
Нарын облусунда 7…12, 20…25;
14-июнда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.