Нарын: топурактан акча жасагандар

Бир айда бир үй-бүлө миңге чукул, бир сезондо 5 миңдей кыш куят. 

Мындан мурун жергиликтүү бийлик салык төлөгүлө деп кыйнап келсе, азыр унчукпай калгандыгын айтышат.

Аиданын беш баласы бар. Ал омуртка сөөгү ката элек эки уулу  жана жолдошу менен кыш куюп сатып, жан баккандарына эки жыл болду.

Кыш куйчу топурактын жанында суу жок болгондуктан трактор менен казтырып, үйүнө түшүрүп алышат.

Анткени ал жакка суу алып келүү үчүн бир чакырым алыстан ташып келгенге туура келет. Ал эми тракторго бир машина топурак жүктөө үчүн миң сом берет.