Ошто дагы бир көпүрөнүн курулушу башталды

Оштун Озгур жана Төлөйкөн айылдарын бириктирген көпүрөнүн курулушу башталды. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов көпүрөнүн курулуш иштери менен премьер-министр Темир Сариевди жеринде тааныштырды.

Узуну 30 метр, туурасы 6 метр келген көпүрө ушул жылдын ноябрь айында ишке берилет. Аталган көпүрө 2012-жылдагы катуу селде бузулган. Курулушка 8 млн. сом бөлүнгөн. (YI)