Обама: ИМ Ирактан сүрүп чыгарылат

Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама "Ислам мамлекети" террордук тобу Ирактан сүрүп чыгарыларына ишенерин айтып, бирок "жаалданган жана чыйрак" согушкерлер менен күрөш кыйын болорун билдирди. Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади менен кечээки жолугушуусунда АКШ президенти мындан сырткары Вашингтон аскерий колдоону жана Ирактын коопсуздук күчтөрүн даярдоого жардамды көбөйтөрүн айтты.

Обама ошондой эле Ирактагы суннит аскерлеринин катарын калыңдатууну да айтып: "Суннит уруулары тек гана урушка даяр болбой жатат, "Ислам мамлекети" тобунун мизин кайтаруу алардын да колунан келет", - деп белгиледи. Жана бул үчүн убакыт керектигин кошумчалады.

АКШ президенти мындан сырткары премьер Абадинин Ирактагы бардык топтордун өкүлдөрүнөн куралган өкмөт түзүүгө белсенгенин кубаттап, бирок алдыда дагы далай жумуш турарын белгиледи.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган топтун согушкерлери соңку жылдары Сирия менен Ирактын бир катар аймактарын ээлеп алып, согуш жүргүзүүдө.