“Ак марал” бий тобу чет өлкөдө

“Ак Марал” бий ансамбли Бельгиянын Сен-Гилен шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк фольклордук бий фестивалында тандалган бий топторунун катарына кирди.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук филармониядан кабарлашты. Аталган фестивалда Орусия, Кыргызстан, Африка, Боливия, Чехия, Хорватия, Италия, Литва, Польша, Бельгия мамлекеттеринин жана Панаманын бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Катышкан ансамблдердин ичинен Кыргызстандын “Ак Марал” Мамлекеттик бий ансамблинин жана Москва шаарынын “Березка”, ошондой эле Уралдын бий ансамблдеринин кесиптик деңгээли жана чыгармачылыгы жогору баалангандыгы белгиленген.

“Ак Марал” бий ансамбли эми 27-июлга чейин фестивалдын алкагында Франция, Голландия, Бельгия мамлекеттеринде өнөрлөрүн тартуулайт. Аталган иш-чара фестивалдарды уюштуруу боюнча Эл аралык уюму жана эл чыгармачылыгынын Эл аралык уюму (ЮНЕСКО) тарабынан таанылган. (ZA)