Өзгөндүктөр "Айыл банк" агро насыянын көлөмүн азайтканын айтышууда

Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөн районунун тургундары кабарлашты. Алардын айтымында, "Айыл банк" элге агро насыяларды жазында дыйкандарга 50 миң сомдон берүүнү убада кылган. "Бирок азыр 30 миңден гана берерин билдиришти", - деп айтышты.

Учурда жазгы талаа иштери аяктап калгандыктан дыйкандар ал насыяларды мал алууга жумшарын айтышууда. Бул боюнча "Айыл банк" менен байланышууга мүмкүн болгон жок. (YI)