Малаланы аткан он кишинин сегизи эркиндикке чыкты

Малала Юсуфзай

Пакистандын полициясы активист Малала Юсуфзайды атууга аралашкан деп айыпталган он адамдын сегизи эркиндикке чыкканын билдирди деп жазат Би-Би-Си. Апрель айында Хайбер-Пахтунхва провинциясынын терроризм менен күрөшүү боюнча соту бул ишке аралашкан деп он кишини өмүр бою түрмөгө кескени кабарланган. Бирок полиция бул маалыматты төгүндөп, сегиз киши далилдин жетишпегенинен улам бошотулганын билдирүүдө. Сот иштери жабык өткөн болчу.

Азыр жашы 17ге келген пакистандык активист кыз Малала 2012-жылы башына ок жеген эле. Балдардын, анын ичинде кыздардын билим алуу укугу үчүн күрөшкөнү эл аралык кубаттоого арзып, былтыр ага Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган. (КЕ)