Кытайдын Янцзы дарыясында аңтарылган кемеден каза болгондордун саны 82ге жетти. Кытай бийликтеринин билдиришинче, чөккөн кеме суу үстүнө чыгарылды, бирок андагы элдин аман калганы болгон эмес.
“Чыгыш жылдызы” деп аталган кеме 1-июнда катуу шамалдан улам аңтарылып кеткен. Теплоходдо өңчөй улгайган туристтер болгон. 456 жүргүнчүнүн 14ү гана куткарылган. Полиция кеменин аман калган капитаны менен башкы механигин камакка алган.