Порошенко Украина чыгышында от тутанарын эскертти

Петро Порошенко Украина чыгышындагы от кайрадан тутанат деп эскертти. Ал парламенттеги жылдык кайрылуусунда украин аскерлери өлкөнү жикчилдерден коргоп калууга даяр болууга чакырды. Анын айтымында, учурда 9 миңге жакын орусиялык аскер Украинада жүрөт.

Украина жана Батыш жикчилдерди колдоп жатат деп Орусияны айыптап келет. Расмий Кремл мындай дооматтардын негизсиз деп эсептейт.

3-июнда Маринка шаарындагы жикчилдерге каршы салгылашта беш украин аскери каза таап, 39у жараат алган. Ок атышпоо боюнча Минск келишимин аткарбай жатат деп эки тарап бири-бирин күнөөлөп келет.