Кудрин: Орус экономикасынын абалы кескин начарлады

Алексей Кудрин

Орусиянын мурдагы каржы министри Алексей Кудрин өлкөнүн экономикалык абалы дурус эместигин билдирди. Анын белгилешинче, Украинадагы кырдаал жана дүйнөдө мунайдын баасынын арзандап жатышы Москваны кыйын кырдаалга тушуктурууда:

- Орусиянын антикризистик саясаты экономикалык өсүштү камсыздап бере албайт. Кризистен чыгуу аракеттери балким өндүрүштүн кай бир бөлүгүнө жардамы тийиши мүмкүн, бирок бүтүндөй өлкөнүн абалын оңдобойт, - деди Кудрин.

Батыш мамлекеттери Украинанын чыгышындагы жикчилдерге Москва көмөк көрсөтүп жатат деген негиз менен Орусияга бир катар санкцияларды киргизген.

Кудрин экономикалык артка кетүү ушул абалда уланса, жакында жумушсуздардын саны жарым миллионго жетерин божомолдоду. (SE)