Борис Немцовду атып өлтүргөн деп болжолдонгон тапанча табылды

Орусиянын атайын кызматы Борис Немцовду атып өлтүргөн деп болжонгон тапанчаны табышты. Бул тууралуу тергөөдөгү булактарына таянып “Интерфакс” агенттиги маалымдады.

Мындан мурдараак бир нече табылган тапанча экспертизага жөнөтүлгөнү айтылган. Алардын ичинен эки курал Москва дарыясынан табылган. Немцовду өлтүргөн деп шектелген Заур Дадаевдин үйүнөн да курал-жарак табылып, баллистикалык экспертизага жиберилген.

Орус бийликтеринин тайманбас оппозиционери Борис Немцов 28-февралда Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн. Көптөгөн серепчилер бийликтин буйрутмасы деп атаган. Бирок Кремль мындай сөздү атайын каралоо деп айтып келет.