Блаттер отставкага кетти

Йозеф Блаттер ФИФАны 1998-жылдан бери башкарып келаткан эле.

Дүйнөлүк футбол федерациясы - ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер уюм жетекчилигине байланыштуу коррупциялык чырдан улам кызматынан кетерин жарыялады. Ал быйыл 29-майда мекемеге кайрадан президент болуп шайланган эле. 79 жаштагы Блаттер жакын арада жаңы жетекчи тандаларын билдирди.

27-майда Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын мартабалуу жети чиновниги коррупциялык иш-аракеттерге шектелип, камакка алынган. Аларды полиция дүйнө чемпионаттарын өткөрүүдө шаарларды тандоо жараяны боюнча жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында кармаган.

Блаттер уюмду 1998-жылдан бери жетектеп келаткан болчу. (SE)