Жалал-Абад: чек араны бузуп кирген үч жаран сурак берүүдө

Майлуу-Суу шаарында 1-июнь күнү чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн Өзбекстандын эки жараны кармалган. Бүгүн алар милицияга сурак берүүдө. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. Ала-Бука районунун Актам айылында жүргөн коңшу өлкөнүн 22 жаштагы бир тургуну да кармалып, азыр териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. (RsK)