Иракта полиция базасына чабуул жасалды

"Ислам мамлекети" радикал тобунун террорчу-жанкечтилеринин Анбар аймагындагы полиция базасына багыттаган чабуулунан кеминде 30 аскер мерт болгонун Ирак бийликтери тастыктады.

Полиция кызматкерлеринин айтымында, 1-июнда үч жанкечти Ирак армиясынан тартып алган "Жиптер" менен бир убакта келип, Тартар районундагы базага чабуул жасаган. Ал базанын ичиндеги ок-дарылар сакталган кампада чоң жарылууга алып келген.

Бул базада шиит милиционерлери да жайгашкан эле. Чабуулдан 40тан ашуун аскер кызматкери да жаракат алды.