Ош: ынтымактын куурчактары
Конкурста 1-3-орунду ээлегендер төмөнкү суммадагы баалуу байгелерди алышты. 1-орун – 30000 сом, 2-орун – 20000 сом, 3-орун – 10000 сом. Конкурстук композициясын сунуштаган бардык катышуучулар диплом менен сыйланышты.
Конкурска кийим моделин түзүү жана конструкциялоо боюнча иш алып барган түрдүү курактагы чыгармачыл топтор, чыгармачыл устаканалар, театрлар, мода студиялары, сүрөтчү-модельерлер жана башка билим берүү жана маданият мекемелери катышты.
Конкурстун ар бир катышуучусу Ош шаарында жана Ош облусунда жашаган кыргыз, орус, өзбек, уйгур, түрк, тажик, татар, башкир, казак, күрд, корей, немис, дунган ж.б. улуттардын кийимин кийген 13 куурчактан турган бирден коллекцияны сунуштады. Алар композициялары аркылуу бул же тиги маданиятка тиешелүү элдик искусствосунун мотивдерин жана идеясын, аймактын элдик мурасын чагылдырышкан.
Аталган конкурс улуттук кийимдин келип чыгуу тарыхын изилдөөгө, Кыргызстан элдеринин улуттук кийимдеринин салтын сактоого жана өнүктүрүүгө кызыгууну арттырат жана облустагы көп түрдүү улуттук кийимдерди мыкты жасаган таланттуу жарандарды, таланттуу чеберлерди, коллективдерди жана автордук борборлорду аныктоого жана аларга колдоо көрсөтүүгө жол ачат.
«Ош шаары жана Ош облусунда жайгашкан элдердин улуттук кийимин кийген куурчактар» аттуу сынакты Ош шаарынын мэриясы жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясы тарабынан өткөрүлгөн.
Көргөзмөнүн негизги бөлүгү 16-майда болгон. Бирок ал «Сулайман-Тоо тынчтыктын жана ынтымактын символу» аттуу фестивалдын алкагында, 25-майга чейин шаардын көңүл ачуучу жайларында кайрадан көрсөтүлдү.
Аталган фестиваль БУУнун Өнүктүрүү программасы менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосунда уюштурулду.
Фестивалдын максаты – Оштун жана Сулайман-Тоонун толеранттуулук, жалпы атуулдук бирдиктүүлүк жана этникалык, конфессионалдык көптүүлүктү урматтоону чагылдыруу.
Фестивал алкагында Ош шаарында куурчактардын театралдаштырылган көргөзмөсү, фото жана адабий көргөзмөлөр, илимий-практикалык конференция жана башка тематикалык иш-чаралар өткөрүлдү.