Мектепте акыркы коңгуроо шыңгырады
Быйыл Кыргызстандагы мектептерди 70 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктайт.
“Акыркы коңгуроо” аземине байланыштуу түрдүү шаан-шөкөттөрдөн улам бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында, борбор калаада милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барары кабарланган.