ИИМ Чакиевдин кармалышы боюнча толук маалымат берди

Максат Чакиев

Ички иштер министрлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевдин эмне себептен кармалганы тууралуу маалымат таратты.

Анда 2014-жылдын июль айында Чакиев чет элдик бир жаранга Туризмди өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү деген жалган күбөлүк жаздырып берип, бул үчүн материалдык сыйлык сураганы айтылат. Милиция муну териштире баштаганда Чакиев ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерлерине 2 миң доллар жана Ысык-Көлгө жолдомо сунуштап, ишти жабууну өтүнгөн. ИИМ өкүлү мындай сунуштан баш тартып, жыйынтыгында Башкы прокуратурада пара берүү беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, аны териштирүү ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Милициянын версиясы боюнча Чакиев козголгон бул ишти жабуу үчүн 100 миң сом сунуштап, 28-майда анын 92 миңин 5-башкармалыктын кызматкерине берип жаткан жеринен кармалды.

Учурда Максат Чакиев Бишкек ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында отурат. Ал өзү же адвокаттары азырынча эч комментарий бере элек. (RK)