Атамбаев: Армиядан акча аябайбыз

Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө арналган салтанатта билдирди. Мамлекет башчы кыргыз армиясы абдан оор жолду басып өткөнүн, куралдуу күчтөргө көңүл бурулбагандыктан улам көптөгөн офицерлер кызматын таштап кетүүгө аргасыз болгонун белгиледи. Президент учурда армиянын күч-кубатын арттыруу үчүн мамлекет бардык аракетин жумшарын убада кылды.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү эгемендик алган соң 1992-жылы түзүлгөн. Ошондон бери 29-май Куралдуу күчтөрдүн күнү катары белгиленет.

Бул күнгө карата майрамдык салтанат Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү. (BkA/EBM)