Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Максат Чакиев пара берген деген шек менен кечээ, 28-майда кармалды. Бул маалыматты бүгүн Ички иштер министрлигинен тастыкташты.
Алдын ала маалыматка ылайык, Чакиев ишиндеги мыйзам бузууларды жашыруу максатында ИИМдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлерине 92 миң сом пара берүүгө аракет кылган.
Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Териштирүү жүрүп жатат. (BkA)