Нарын: бөтөлкө мончо бат жылыйт

Бул мончонун курулушу эки айда бүтүп, дубалдарына 3700 жана полуна 500дөн ашык бөтөлкө сарпталган, цемент, топурак, кум колдонулган. Учурда Кубан Жунусовдун үйүндөгү мончого айыл тургундары киши башына 40 сомдон төлөп түшүп турушат.

Бөтөлкө күндүн нурун жакшы тартып алгандыктан мончонун ичи бат жылыйт жана ысыкты көпкө чейин сактайт.

Мончого кызыккандар көп болгонуна карабарстан, Кубан Жунусов ден соолугуна байланыштуу кара жумушка иштей албастыгын айтат.

Сырты бөтөлкө болгону менен ичи кадимкидей эле шыбак.

Мончону курууга Кубан Жунусов айылдаштарынан бөтөлкө чогулткан. 

Бөтөлкөдөн чоң үй куруу мүмкүн, бирок ага бөтөлкө чогултуу бир кыйла кыйын иш. 

Кубан Жунусовдун мындай эмгегинен кийин айыл тургундары бөтөлкөнү ыргытпай чогултуп калышкан экен.