Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иштин мыйзамдуулугун аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинде кабыл алынды. Жумушчу топ түзүүнү Самаков өзү суранган.
Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголуп, эртеси күнү ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
17-майда Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, эки айлык мөөнөткө үй камагына чыгарган. Сот чечимине ылайык, ал райондун аймагынан чыга албайт жана түнкү саат ондон таңкы сегизге чейин өз үйүндө болууга тийиш. (BkA)