Адамдардын бетин жапкан кийимчен коомдук транспортто, мектептерде, өкмөттүк имараттарда, медициналык жайларда жүрүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун Нидерландиянын өкмөтү бүгүнкү отурумунда колдоду.
Премьер-министр Марк Руттенин айтымында, бул сунуш кайсыл бир топко каршы багытталган эмес.
Бирок Нидерландия өкмөтүнүн бул кадамы мусулман аялдардын жүзүн толук жапкан кийими: бурка менен никапты мыйзамсыз деп табуу аракети катары каралууда. Өкмөттүн сунушу эми укуктук экспертизадан өткөрүлөт.
Европанын мусулмандар эң көп жашаган өлкөсү - Франция коомдук жайларда бети-башты чүмкөп жүрүүгө тыюу салган мыйзамды 2011-жылы эң биринчи болуп киргизген. (UE)