Уюштуруучулардын айтуусунда, эскерүүгө республикалык СПИД борборунан, Саламаттыкты сактоо министрлигинен, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр катышат. Ошондой эле ВИЧ илдети менен жабыркагандардын айрымдары келип, өздөрүнүн жашоосу тууралуу айтып беришет.
Эскерүү иш-чарасын “ВИЧ менен жашаган адамдардын биримдиги” деп аталган уюм ПРООНдун жардамы менен уюштурууда.
Май айынын үчүнчү жекшембиси дүйнө жүзүндө ВИЧ-СПИД илдетинен каза болгондорду эскерүү күнү катары эсептелет.
Кыргызстанда 1173 киши ВИЧ илдетинен каза болгон, анын ичинде 368 адам СПИД стадиясына жетип калган учурда жарык дүйнө менен коштошкон. (ZKo)