Чет өлкөдө согуштук аракеттерге катышкандардын жазасы оорлойт

Буга байланыштуу мыйзам долбоор бүгүн Жогорку Кеңеште талкууланып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ага ылайык, террористтик уюмдар тарабынан жалданган жана өлкө аймагынан сырткары жерлерде атайын согуш даярдыгынан өткөн адамдарга карата 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөттө эркинен ажыратуу каралат. Ал эми алдын-ала макулдашып алган адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жасалган кылмыштар үчүн 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечи депутат Майрамбек Расуловдун айтымында, мыйзам долбоору эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын, жалданма согушчан топтордун аракетине каршы күрөштү жандандыруу максатында иштелип чыккан.

Күч структураларынын билдиришинче, Кыргызстандын 350дөн ашуун жараны Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөнү аныкталган. Кайтып келген 30дан ашуун адам камалган. Андан сырткары Украинада да жүргөн кыргызстандыктар бар экени айтылып жүрөт. (КЕ)