Малидеги аскердик операция учурунда исламчылардын эки командири өлтүрүлдү

Эл аралык күчтөрдүн аскерлери барымтада жатып бошотулган кишини тосуп алышууда

Францинянын коргоо министрлиги дагы эки аскер өлтүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, алар “ал-Каиданын” Мароккодогу өкүлдөрү жана “Ансар ад-дин” тобунун мүчөлөрү болчу. Бул топтор Малинин түндүк-батышындагы экстремисттер менен күрөшүп жаткан эл аралык күчтөргө кол салууларга жооптуу болушкан.

Малиде Франциянын 1200 аскери бар. Алар беш мамлекет тарабынан түзүлгөн эл аралык күчтөрдүн курамында кызмат өтөшөт.