Согушчандар 19-майда Буриа провинциясындагы антитеррордук операция учурунда жок кылынды. Автоматтык куралдар, ок-дарылар жана башка жарактар колго түшүрүлгөнүн Алжирдин Коргоо министрлиги кабарлады. 1990-жылдардын башында Алжирде исламчыларга байланыштуу калабалар болгон. Алар өлкөнүн ортолук жана чыгыш бөлүгүндө коопсуздук күчтөрүнө үзбөй кол салып турушат. Алжир армиясынын ырасташынча, жыл башынан бери 56 курулчан исламчы жок кылынган.