НАТОго тиешелүү аскерий жана башка жүктөрдү Орусиянын аймагы аркылуу Ооганстанга өткөрүүнү токтотуу тууралуу токтомго орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кол койду. Расмий маалымат боюнча, мындай чечим БУУ Коопсуздук кеңешинин 2001-жылы кабыл алынган резолюциясы токтогонуна байланыштуу кабыл алынды. Тагыраак айтканда, бардык мамлекеттердин Ооганстандын коопсуздугун камсыздоочу эл аралык күчтөргө жардам берүүсү тууралуу резолюцияга ылайык, Орусия 2008-жылдан тарта өз аймагы аркылуу антитеррордук коалицияга жүк жеткирүүгө уруксат берген.
Өткөн жылдын декабрь айынан тарта АКШ жана НАТО Ооганстандагы операциясын расмий токтоткон. Бирок учурда Ооганстанда НАТОнун 13 миң аскери бар, анын ичинен 10 миңдейи АКШ куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери. Жыл башынан бери өлкөдө кайрадан исламчыл күчтөрдүн күч алуусунан улам ооган бийлиги Вашингтондон аскерлерин алып чыгып кетүү мөөнөтүн карап чыгуусун өтүнгөн.