“Ак илбирс” кино сыйлыгы ээлерин тапты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгынын ээлери "Манас" кинотеатрында аныкталды. 2014-жылдагы тасмаларды электен өткөргөн сынакка быйыл “Борбор Азиянын мыкты тасмасы” жана “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” деген эки номинация да кошулган.
“Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” багыты боюнча сыйлыкка Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Хамза” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, режиссер жана сцеранист Али Хамраев татыктуу болду. Кыргызстандык көрүүчүлөр аны “Жетинчи ок” жана “Жансакчы” аттуу тасмалары аркылуу билишет. “Борбор Азиянын мыкты тасмасы” номинациясы казак режиссеру Адилхан Ержановго «Үй ээси» тасмасы үчүн берилди. “Курманжан датка” тарыхый тасмасы 10 багытта мыкты аталды.