Пакистан динаятчылары жанкечти чабуулдарын исламга каршы деп тапты

Бул тууралуу 200дөй дин аалымы чыгарган фатвада айтылат.

Лахор шаарындагы конференцияда жактырылган фатвада жанкечтилердин чабуулдары шариятка каршы келген арам иш катары белгиленди.

Ошондой эле “Ислам мамлекети” “Техриик и-Талибан”, “ал-Каида” жана башка экстремисттик топтордун философиясы исламга каршы жана наадандыкка негизделген деп көргөзүлдү.

Пакистан динаятчылары ага катар балдарды шал оорууга каршы эмдеген медайымдарга кол салгандарды “көркоо кылмышкерлер” катары айыптады, эмдөөдөн баш тарткандарды “адашкан адамдар” деп атады.

Пакистанда согушкерлер балдарга эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерге утур-утур кол салып турат. Өлкөдө соңку жылдары диний азчылыктарга кол салуулар да күчөгөн.

Пакистандык аалымдардын жаңы фатвасында айтылгандай, мусулман эместерди коргоо - ислам өлкөсүнүн вазийпасы.(UE)