Каримов: Нарында дүйнөлүк деңгээлдеги университет болот
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2000-жылы Ага Хан фондусу Нарын шаарында Борбордук Азия университетин куруу долбоорун баштаган эле. Заманбап жогорку окуу жайды ачуу демилгесинин ишке ашпай көпкө созулуп кеткени коомчулукта ар кандай кепке жем таштап келген. Деги университет ишке киреби, анын өзгөчөлүгү эмнеде, ким келип окуйт, ким окутат, келечеги барбы деген күдүк ойлорду ачыкташ үчүн биз аталган унверситеттин билим берүү боюнча кеңешчиси Мырза Каримовду кепке тартып, бир нече суроолор менен кайрылдык.