Июнь айында Баткен жана Жалал-Абад облустарында Индонезия менен кызматташтыкты өркүндөтүүгө арналган бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Индонезиянын элчиси Анак Агунг Где Алит Сантика менен жолугушууда айтылганын бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Элчи Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдырып, жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен жолукту.
Кыргызстандын түштүк аймагында экспортко ылайыктуу айыл чарба продукциясы өндүрүлөт. (RK)