Ош: шаар бийлиги жаптырып жаткан устаканалар

Унаа усталары бул кварталдагы ар бир устакана тиешелүү мекемелерден уруксат алганын, салыктарды өз убагында төлөшө турганын айтышууда.

Бирок Ош шаардык мэриясы Калинин көчөсүндөгү үйлөр турак жай катары катары гана пайдаланылышы керектигин, аларды устаканага айлантуу мыйзамсыз экенин айтууда.

Сулайман-Тоосунун түштүк тарабында жайгашкан Калинин көчөсүндө 200гө жакын унаа устаканалары бар. Көчөнүн жарымы Кара-Суу районуна, жарымы Ош шаарына карайт.