Айылдык кеңештерде биометрикалык маалыматтын негизинде шайлоо өтүүдө

Бүгүн Кыргызстандагы 15 айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо өтүп жатат. Жалпысынан 49 добушкана эртең менен саат 8де ачылган. Алардын баарында алгачкы ирет добуштарды автоматтык түрдө саноочу урна колдонулуп жатканын “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орунбасары Жаркын Бапанова билдирди:

- Урнага бюллетен салынары менен дароо автоматтык түрдө санала баштайт. Кимге канча добуш берилгени да компьютерге туташкан маалыматтын негизинде аныкталып турат.

Бапанованын айтымында, Кара-Суу районундагы Сары-Колот, Кара-Буурадагы Бакыян жана Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдарында жарандар биометрикалык маалыматтардын негизинде добуш берип жатат. (SE)