АКШ “Ислам мамлекети” тобунун лидерлеринин бири өлтүрүлгөнүн билдирди

Сирияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидерлеринин бири Абу Сайяф АКШ президенти Барак Обаманын тикелей буйругу менен 16-майда өлтүрүлгөнүн Ак үйдөн кабарлашты. Маалыматтарга ылайык, Абу Сайяф террордук топтун мунай, газ жана каржылык операцияларын ишке ашырууга жардам берчү.

Рейтер агенттиги муну Сириянын аймагындагы АКШнын алгачкы ийгилиги деп атады.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Бернадетт Михан бул операция Ирак бийлиги менен макулдашылып ишке ашырылганын, Сирия бийлиги менен кеңешүү болбогонун айтты. (SE)