Райондун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Торук айылындагы 21 үй-бүлөнүн турак жайы чек ара тилкесинен 30 метр ары жылдырылат. Бул тууралуу район акими Медетбек Айдаралиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан менен чектеш аймакта талаш жаратып келген 2900 метр аралык такталып, эл аралык документтерге ылайык, бейтарап аймакты сактоо максатында үйлөр көчүрүлүшү керек.
- Бул багытта өкмөткө кат жолдонду. Айыл өкмөт тарабынан жашоочуларга жер тилкелерин берүү караштырылып жатат, – дейт Айдаралиев.
Торук айылында учурда 220 үй-бүлө жашайт. (RsK)