АКШда Жохар Царнаевге өлүм жазасы чегерилди

Жохар Царнаев сотто.

Сот арачылар Бостон шаарындагы марафон учрундагы терактка айыпталып жаткан 21 жаштагы Жохар Царнаевди дары куюу менен өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарды. 14 адамдан турган сот арачылардын тобу он төрт сааттык талкуудан кийин ушундай чечимге келди.

Жохар Царнаевге 2013-жылы Бостондогу марафондо болгон жардыруу үчүн 30 пункт боюнча айып тагылган. Алардын жетөө Жохарды өлүм жазасына тартууга негиз берет.

2013-жылдын 15-апрелинде Бостондо марафондо жардыруудан үч адам мерт кетип, 260 адам жарадар болгон.

Царнаевдин адвокаттары Жохар марафондон кийин полициянын огунан өлгөн агасы Тамерландын тилине кирип ушундай кылмышка барганын соттун аягына чейин жүйө кармашты.

Царнаевдин үй-бүлөсү бир нече жыл мурда Токмок шаарында жашаган. Кийин Орусиянын курамындагы Дагестан Республикасына көчүп барып, 1999-жылкы экинчи чечен согушунда АКШга кетишкен. Жохар 2012-жылы АКШ жарандыгын алган. (EzK)