Бул тууралуу ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, Баткен облусу боюнча 65, Ош облусу боюнча 137, Ош шаарынан 53, Жалал-Абад облусунан 44, Чүй облусунан 21, Нарын облусунан 3, Ысык-Көл облусунан 20, Талас облусунан 1 жана Бишкек шаары боюнча 8 киши Сирияга согушка ар кандай жолдор, азгырыктар менен жөнөп кетишкен.
Жалпысынан 352 жарандын ичинен 31и каза болуп, бешөө мекенине кайтып келген. (AzK)