Таласта үч имам казыяттан эскертүү алды

Талас облусунун казысы Таалайбек Бапиев казыят кызматкерлери менен бирге аймактагы мечиттердин тазалыгын жана имамдарынын билим деӊгээлин текшере баштады. Муфтияттан кабарлашкандай, 12-майда Талас районунда жүргөн текшерүү учурунда үч имамга катуу эскертүү берилди, бир катар дин кызматкерлерине медреседен кайра сабак алышы кажет экендиги айтылды.

Соңку учурда Кыргызстанда айрым молдолордун диний сабаты сындалып, аймактарда имамдарды окутуу өнөктүгү жүргүзүлө баштаган. (SE)