Чаткал менен Ала-Букада алтын казган ишканалар текшерилет

Май айынын соңунда Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы алтын казган фирмалардын ишмердүүлүгү текшерилет. Көзөмөл учурунда алардын экологияга келтирип жаткан зыянына да баа берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик эко-техникалык инспекциянын Чаткал райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Адылбек Алымов билдирди.

Аталган райондордогу кендерди казууга 40 компания лицензия алган. Учурда алардын 32си иштеп жатат, 25и чет элдик фирмалар. (RsK)