Непалдагы жаңы зилзаладан өмүрү кыйылгандар саны өсүүдө

Катмандуда кыйраган үй. 12-май, 2015-жыл.

Учурдагы расмий маалыматтарга караганда, бүгүнкү зилзаладан кеминде 47 киши мерт болду.

Алардын 42си Непалдын, төртөөсү Индиянын, бирөөсү Тибеттин тургундары.

Непал бийликтери мындан сырткары 1100дөй киши жаракат алганын кабарлашты.

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебинде, бүгүн түш оогондон кийинки зилзаланын күчү Рихтер таякчасы боюнча 7,4 баллга жетти.

Зилзала борбор Катманду менен Эверест тоосу ортосунда, Кытай менен чек арага жакын аймакта болду. Жер силкинүүсүнүн күчү коңшу Индия менен Бангладеште да сезилди.

Катуу зилзалага Непал өткөн айда да кабылган. 25 - апрелдеги жер титирөөдөн 8150дөн ашуун киши өлүп, 18000ге жакыны жаракат алган эле.

(UE)