Кыргызстанда 12-май күнү балдар эмгегин азайтып, сапаттуу билим берүүгө чакырган бир айлык акция башталат. Долбоор Социалдык өнүктүрүү министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирге ишке ашырылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” жумушчу топтун өкүлү Насира Баратбаева билдирди:
- Иш-чаралар негизинен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында өтөт. Анткени, ошол жакта балдарды иштетүү фактылары көп катталат. Бизге 23 жаштар уюму көмөктөшүп, түрдүү флеш-мобдорду, сынактарды уюштурушат.
Балдарды иштетүүнү токтотууга чакырган бир айлык иш-чара 12-июнь - Балдар эмгегине каршы жарыяланган Бүткүлдүйнөлүк күндө жыйынтыкталат.
Кыргызстанда жеткинчектер көбүнчө айыл-чарба жана соода-сатык иштерине тартылат. Ал эми дүйнөдө 5 жаштан 14 жашка чейинки курактагы 120 миллион бала оор жумушта иштейт. Буга негизинен социалдык жетишсиздик негиз болот. (SE)