Бул тууралуу "Азаттыкка" "Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков билдирди. Стипендия имамдарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулууда. Бирок ал үч шарт менен гана берилет. Биринчиси - имамдар аттестациядан өтүшү, экинчиси - алар иштеп аткан мечиттер мамлекеттик каттоодон өткөн болушу, үчүнчүсү - "Ыйман" фонду уюштурган окуу программаларына катышкан болуш керек. Мындан сырткары ханафи мазхабын, матурдия акыйдасын карманган имамдар болушу шарт.
Стипендия бул шартка жооп берген имамдардын баарына ай сайын берилип турмакчы. Фонддун байкоочу кеңеши бектип берсе ал ушул айдан тарта бериле башташы мүмкүн. Өлчөмү орто эсеп менен сегиз миң сомдой болушу ыктымал. Соңку мааылматтарга караганда, өлкөдө азыр эки жарым миңдей мечит бар.
Нуржигит Кадырбеков стипендияны төлөөгө мамлекеттин эсебинен бир тыйын да коробосун, ал жалаң өнөктөштүк жана демөөрчүлүк программаларынын негизинде ишке ашарын кошумчалады.
"Ыйман" фонду 2014-жылдын башында президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюшулган.