Македонияда коррупцияга каршы нааразылык акциялары өтүүдө

Жума күнү Македониянын борбору Скопьеде полициядагы коррупцияга каршы миңдей адам нааразылык акциясына чыкты. Жергиликтүү маалымат каражаттары, мындай акциялар өлкөнүн дагы сегиз шаарында өткөнүн жазышты. Борбор калаада полиция демонстранттардын жолун бөгөп, өкмөттүк имараттар турган шаар бөлүгүнө барууга мүмкүнчүлүк берген жок.

Нааразылык акциясы 5-майда башталган. Анда өлкөдөгү оппозиция премьер-министр Никола Груевскиге байланыштуу маалыматты ачыкка чыгарган. Анда премьер-министрдин күзөт кызматы 22 жаштагы жигитти өлтүрүп, жашырып салганы айтылат. Груевски бул маалыматты төгүнгө чыгарган.

Ал күнү өткөн акцияда полиция менен демонстранттар кагылышып, 38 полиция кызматкери жана бир жөн-жай тургун жараат алган эле.