Кытай менен Орусия экономикалык байланышты кеңейтүүдө

Кытай президенти Си Цзинпин жана Орусия президенти Владимир Путин келишимдерге кол коюу учурунда. Кремль. 8-май 2015

Орусия жана Кытай өз ара экономикалык байланышты бекемдөөгө багытталган бир нече келишимге кол койду. Анын ичинде Кытай өнүгүү банкы тарабынан Орусиянын Сбербанкына 6 млрд. юандын (966.43 млн доллар) насыя берүү жөнүндөгү келишим да бар.

Келишимдер президенттер Владимир Путин жана Си Цзинпиндин сүйлөшүүсүнүн алкагында түзүлдү. Кездешүүдөгү сөзүндө Путин: "Советтер Союзу жана Кытай согушта баарынан көп жабыркаган. Себеби Советтер Союзунан жана Кытайдан башка өлкөлөргө салыштырганда көп адам жабыр тарткан", - деди.

Кытай лидери Москвага Улуу Жеңиштин 70 жылдык салтанатына катышканы келген.