Балдарды расмий иш-чараларга катыштырууга тыюу салынды

Кыргызстандагы мектептердин бири

Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен Билим берүү министрлиги өкмөттүк расмий адамдарды тосуп алуу учурунда окуучулардын катышуусуна тыюу салды. Ага ылайык, мындан ары мамлекеттик жана балдардын майрамдарынан тышкаркы салтанаттарда, атап айтканда, расмий жолугушуулар, иш-чаралар жана иш сапарлар учурунда балдарды катыштырууга болбойт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде премьер-министр Темир Сариевди тосуп алууга чыккан окуучулардын бири эсин жоготкон. Күбөлөрдүн айтымында, окуучулар бийлик өкүлдөрүн күндүн ысыгында эки сааттан ашуун күтүп калган.

Темир Сариев жана Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер ардагер Абдурашид Парпиевдин эстелигин ачуу аземине катышмак. Ал үчүн салтанаттуу жыйын уюштурулган.

Эсин жоготкон кызга медициналык жардам көрсөтүлдү.

2012-жылы Баткенде президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алуу үчүн тизилген окуучулардын да бири эсин жоготкон эле.