Былтыр Кыргызстандын 47 миң 200 жараны өз фамилиясын өзгөрттү. Бул туралуу бүгүн Мамлекеттик катто кызматынан кабарлашты.
Кыргыз мыйзамдары жарандардын аты-жөнүн өзгөртүүсүнө тыюу салбайт.
Өлкөнүн көптөгөн тургундары Орусияда мигрант болуп жүрүп ал жактын миграция мыйзамдарын бузганы үчүн депортация болгон. Ошолордун айрымдары атын, фамилиясын өзгөртүп алары коомчулукта көп айтылып келет. (RK)