Бек Борбиевдин билдирүүсүн УКМК текшерет

Бек Борбиев

Ырчы Бек Борбиевдин “Мегаком” уюлдук операторунун өзбек тилиндеги тейлөө кызматын алып салуу боюнча интернетте жүргүзүп жаткан үгүтүн УКМК текшерет. Учурда ырчынын жазган сунушуна экспертизалык байкоо жүрүп жатканын, улут аралык кастыкты козутуу аракети бар же жок экени анын жыйынтыгында аныкталарын атайын кызматтан “Азаттыкка” билдиришти.

Бек Борбиев “Мегаком” уюлдук операторунун кардарларды өзбек тилинде тейлөөсүн токтотууну талап кылып ушул апта башында “Фейсбуктагы” баракчасында үгүт баштаган. Ошондой эле ушул талап менен жакында митинг уюштуруларын жарыялаган.

Кыргызстанда “Мегакомдон” сырткары “Билайн” уюлдук компаниясында да өзбек тилинде тейлөө бар. Бул кызмат аталган операторлор иштей баштагандан бери сунушталат. (SE)