Жеңиштин 70 жылдык мааракесин белгилөө учурунда республика боюнча коопсуздукту сактоого 7 миң милиционер жана элдик кошуундун 5 миң өкүлү тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Майрамдык иш-чараларга байланыштуу милиция 4-майдан 11-майга чейин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.
9-май күнү Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Жеңиш парады болот. Ошондой эле бардык аймактарда салтанат уюштурулат. (SE)